Митингде жаракат алып каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү жерге берилди

8 октябрь 2020 15:48 2255 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте митинг учурунда күч органдары менен кагылышууда жаракат алып, ооруканадан каза бологон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү 8-октябрда кичи мекени Баткен облусунда жерге берилди.

Митинге акыйкат үчүн келген жаштардын катарында Үмүтбек да бар эле. Мөөнөтсүз митинг башаламандык менен кошотолуп, күч органдары митингчилер тарапка көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуручу граната колдонушкан. Ошол учурда Үмүтбек кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тилекке каршы, дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Ал 19 жашында мамлекетке кайдыгер карабай, келечектен үмүт артып барып, каза болду.

Маалым болгондой, Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. 9-классты айылдагы мектепте аяктап, кийин окуусун Бишкекте уланткан. Көз жумган жигит кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан.

Үмүтбек Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу туулган айылында, өз үйүндө өткөн.

Белгилей кетсек, митинг башталган 5-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин 1002 жаран ооруканага кайрылган. Алардын жетөө оор абалда реанимацияда жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/mitingde-zharakat-alyp-kaza-bolgon-19-zhashtagy-mtbek-altynbek-uulunun-sg-zherge-berildi



Добавить комментарий