«Мисс Кыргызстан-2021» титулун Алтынай Ботоярова жеңип алды

1 октябрь 2021 14:04 1203 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Мисс Кыргызстан-2021» титулун Алтынай Ботоярова жеңип алды. Бул тууралуу конкурсту уюштуруучулары маалымдашканын “Барометр” билдирет.

Бишкекте 31 кыз катышкан «Мисс Кыргызстан-2021» конкурсунун финалы болуп өттү.

“Кыргызстан сулуу-2021” титулуна 17 жаштагы Алтынай Ботоярова ээ болду.

Ал модель болуп иштейт. Буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана “Мисс Кыргызстан-2020” сынактарына катышкан.2020-жылы ал биринчи вице-мисс титулун алган.

Ботояровага 5 миң долларлык күмүш менен алтындан жасалган таажы кийгизилип, 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/miss-kyrgyzstan-2021-titulun-altynaj-botoyarova-zheip-aldy



Добавить комментарий