Кыргызстандык Каныкей Аилчиева Түркияда өткөн сулуулар конкурсунда баш байгени алды

11 мая 2019 14:01 2723 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Каныкей Аилчиева Түркиянын Аланья шаарында өткөн “World Beаuty” деп аталган сулуулук конкурсунда биринчиликти алды. Аталган жарышта башкы Гран-при биздин мекендешибизге биринчи жолу буюруп отурат.  

Маалымат каражаттарына маек берген Аилчиева жеңиш күтүүсүз болгонун айтты.

“Финалдык этапта катуу ооруп калдым. Дене табым көтөрүлдү. Сахнада эмне болуп эсимди жоготконумду билбейм. Бирок устатымдын айткандары бар күчүмдү жыйноого түрткү берди. Билесиздерби, кандай болгонун азыр да түшүнө албай жатам. Улуттук Кара жорго бийин бийлегеним барына жакты. Чындыгында абдан аракет кылдым. Баары орундалды”,-деди Каныкей Аилчиева.

Каныкей белгилүү сулуулар менен эл аралык жарышка биринчи чыгып жатат. 2018-жылы бул ал “Дүйнөдөгү Азия сулуусу”, “Дүйнөдөгү Кыргызстандын сулуусу” конкурстарын жеңип, “Аалам сулуусу” жарышына жолдомо алган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-kanykej-ailchieva-trkiyada-tkn-suluular-konkursunda-bash-bajgeni-aldy



Добавить комментарий