Разия Мансурова эл аралык сулуулар конкурсуна катышууда

20 октябрь 2021 17:42 1149 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектик Разия Мансурова Египетте 49-ирет өтүп жаткан Miss Intercontinental  эл аралык сулуулар сынагына катышууда. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” конкурсу улуттук дирекциясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

25 жаштагы кыргызстандык кыз конкурска катышканына үч күн болду. Катышуучулар улуттук кийимдер жана купальниктер боюнча этаптарды өткөрүштү.

2021-жыл май айында Разия Мансурова “Кыргызстан сулуусу” улуттук титулун жеңип алган. Ал 2019-жылы Almaty Management University университетин аяктаган.

Быйыл Мансурова ат салышып жаткан эл аралык конкурска дүйнөнүн 73 мамлекетинен сулуулар катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/raziya-mansurova-el-aralyk-suluular-konkursuna-katyshuuda



Добавить комментарий