"Мисс Ирак" титулунун ээси Шамми Кассемге Тара Фарестин өлүмүнөн кийин "сен кийинкисиң" деген кат келген
"Мисс Ирак" титулунун ээси Шамми Кассемге кесиптеши "Мисс Багдад" - Тара Фарестин өлүмүнөн кийин эскертүү, коркутуу иретинде жазылган кат келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Катта "сен кийинкиси болосуң" деп жазылган.
30-сентябрь, жекшембиде Кассем өзүнүн социалдык баракчасына "кесиптешимдин өлүмүнөн кийин мага "сен кийинкисин" деген кат келди. Ийгиликтүү, белгилуу жердештерибизди жаныбарды өлтүргөндөй кескилеп кетишүүдө" - деп ыйлаган видео билдирүү менен бөлүшкөн.
Бул окуя тууралу аялдардын укуктарын коргоо боюнча "аль-Амаль" коомдук фондунун жетекчиси Хана Эдвар ою боюнча таанымал аялдарга болгон зомбулуктар түздөн түз алардын укуктарын тебелейт жана аялдардын үйдө отуруусуна алып келет.
Эске салсак үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында "Мисс Багдад" титулунун ээси Тара Фарести жеке авто унаасында өлтүрүп кетишкен.
Ал эми буга чейин коомдук активист-феминист, фешн-экспорт жана сулуулук салонунун ээси да өлтүрүлгөн.
Ирактын премьер-министри Хайдер Аль-Абади бул окуялар бири бирине байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп, кунт коюу менен тергөө жүргүзүүгө буйрук берди.
Добавить комментарий ×