Видео. Мирбек Атабековдун апасынын үйүнѳ кирген адам кармалды

3 сентябрь 2019 14:01 1520 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнѳ кирип апасына кол салган адам кармалды. Бул тууралуу ырчы ѳзүнүн инстаргамм баракчасында жазып чыкты.

Бишкек шаардык ИИМдин маалымат боюнча, 2019-жылы 6-майда Октябрь райондук ИИМге А.Д атуу жаран кайрылган. Кайрылууда белгисиз азият улутундагы, кара маска жана кол кап кийген адам түнкү саат 1:45 чамаларында курал менен Гвардейск кѳчѳсүндѳ жайгашкан жеке үйгѳ белгисиз маркадагы автомашинасы менен  кирген.

Үй ээсине кол салып, коркутуп, $60 миң., 15000 сом жана алтын  жасалгаларын алып, изин жоготуп кеткен.  

Бул кылмыш ИИМдин Октябрь районунун Бирдиктүү кылмыш жана актыларынын мамлекеттик реестрине катталган.  Октябрь райондук кылмыш-жаза кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын иизин кууганда ал Ысык-Кѳл облусунда жашынганы аныкталат.

Ыкчам маалымат ишке ашыруу учурунда 1995 –жылы туулган Б.М атуу кылмышка шектүү жаран Каракол шаарынын тамактуучу жайлардын биринде кармалган. Тиштүү учурунда жоголгон буюмдар табылган.

Кылмышка шектүү жаран Бишкек ИИмдин  убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Учурда ыкчам изилдѳѳ иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, ар кандай кылмыштан  жабыркаган жарадарды тѳмѳндѳгү телефондорго кайрылууну ШИИМ кызматы суранат:

 0705 102-406, 0707 35-53-47.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekovdun-apasynyn-jn-kirgen-adam-karmaldy



Добавить комментарий