Мирбек Атабеков: Бообектин уулу болуп калганыма сыймыктанамын

25 июнь 2019 16:03 2595 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Мирбек Атабеков бүгүн, 25-июнда Талас облусунун Жон-Арык айылында атасын эскерүү концертин өткөрөт. Атасы тирүү болгондо 60 жаш кутман куракта болмок. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасына:

“Тилекке каршы, атамдын тирүү өңүн, тарбиясын көрбөй калсам дагы, мен Бообектин уулу болуп калганыма сыймыктанамын. Өзү аз жашаса дагы элдин батасын алып, элге кызмат кылган ишин бүгүнкү күнгө чейин угам. Менин атамдын жаркын элесине арнап бүгүн Куран окутуп, аксакалдардан бата алып, кечинде өзүмдүн Талас облусунун Жон-Арык айылында концерт беребиз. Кеченин коноктору: Канай Анаркулов, Нурлан Насип, Бек Исраилов, Толгонай Арзыкеева, Өмурбек Андарбеков жана башка ырчылар коштойт!”,-деп жазып, жердештерин концертке чакырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-boobektin-uulu-bolup-kalganyma-syjmyktanamyn



Добавить комментарий