Министрлик Орозо айтта үймө-үй кыдырбай турууга чакырды
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Орозо айт майрамында үймө-үй кыдырбааго чакырды.
Ал андан сырткары кишилерди социалдык аралыкты сактоо керектигин эскертти. Себеби, кишилер бири-бирине канчалык жакын болгон сайын коронавирустун жугуу ыктымалдуулугу артат.
Эске салсак, Кыргызстанда орозо айт 24-майда белгиленет.
23-майга карата Кыргызстанда 1365 кишиге коронавирус жукканы ырасталып, 957 киши ооруканадан чыгып, оорудан айыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-orozo-ajtta-jm-j-kydyrbaj-turuuga-chakyrdy
Добавить комментарий ×