Министрлик: коронавирус Кыргызстанга чет жактан келгендерден табылууда
Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус табылган жарандардын бардыгы Кыргызстанга чет жактан келгенин маалымат жыйында айтты.
Министрдин орун басары элди паникага алдырбай, тынч болууга чакырды. Ал андан сырткары коронавирус Кыргызстанга жет жактан келгендерден табылып жатканын, жергиликтүү тургундардын арасында катталганы жок экенин белгиледи.
“Азыр биз Кыргызстанга келген бардык кишилерди текшерип жатабыз. Эгерде алардын дене табы көтөрүлүп, оорунун белгилери байкалса алар сөзсүз түрдө атайын жайга киргизилет. Ал эми дене сак болгон жүргүнчүлөрдүн бардыгы текшерип, анализдер алынгандан кийин үй обсервациясына алынат”, — деди ал.
Исаков кытайлык кесиптештери менен да кеңешип, сүйшүп жатышканын билдирди.
“Алар Кыргызстанда дагы иш-чаралар туура болуп жатканын айтты. Алар сөзсүз түрдө эле бардык жүргүнчүнү ооруканага жаткырбоону айтышты, оорунун белгилери байкалбаса үй карантинине чыгаруу керектигин билдиришти. Себеби, аларды дарылап жаткан дарыгерлер, күч түзүмдөрүндө иштегендердин ден соолугуна чоң коркунуч жаралат экен”, — деди ал.
21-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 12 кишиден вирус табылды.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-koronavirus-kyrgyzstanga-chet-zhaktan-kelgenderden-tabyluuda
Добавить комментарий ×