Министрдин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Бөлүшүү:
Транспорт жана жол министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Айтылган суммадагы акча Эпкин-Дыйкан жолун салуу боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында алыныпжаткан деп жазылат маалыматта.
Жалпы 520 миң доллардын 120миңин алып, калган бөлүгүн алып жатканда кармалган.
Учурда министрдин орун басары УКМКнын кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrinin-orun-basary-50-mi-dollar-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy
Добавить комментарий ×