Кашкар Жунушалиев Чүйгө иш сапар менен барды (Сүрөт)

11 сентябрь 2020 10:42 946 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кашкар Жунушалиев Чүйгө иш сапар менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кзыматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 10-сентябрда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Чүй облусуна иш сапары менен барды. Министр Чүй облусунун ИИББнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

 Ошондой эле Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.

Министр тергөө кызматкерлерине жана жоруктар иштери боюнча сотко чейин жүргүзүлгөн өндүрүш иштерин мөөнөттөрүнөн кечиктирбей чечимдерди кабыл алуу тапшырып, ал үчүн тиешелүү жетекчилик көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенине токтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-shajloo-uchurunda-koomduk-tartipti-saktoonu-eskertti-srt



Добавить комментарий