Министр: “Электрондук саламаттыкты сактоого өтүшүбүз керек, ошондо баары ачык-айкын болот”

12 октябрь 2018 14:48 1186 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-октябрда КСДП  фракциясы саламаттыктты сактоо тутумун реформалоо, энени жана баланы коргоо жаатында көйгөйлөрдү чечүү багытында  өкмөттүн ишин карашты.

Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, электрондук саламаттыкты сактоого өтсөк баары айкын боло тургандыгын белгиледи.

Депутат Карамат Орозова бүгүнкү күндө үй-бүлөлөк аабалын каттоо акысы жок (ЗАГС) үй-бүлөлөрдөн, никеге турбаган үй-бүлөлөрдөн, өсүпүрүм кыздардан төрөлгөн балдардын укуктары корголбой алар жөлөкпулдарды ала албай келе жатканын айтып, мындай балдар Социалдык коргоо министрлигинин коргоосуна муктаж болуп жатканын билдирди.

Ал эми “Саламаттыкты сактоо тармагына бюджеттен бөлүнгөн каражат аз деген туура эмес”,- деген депутат Асылбек Жээнбеков бүгүнкү күндө бул тармакка бөлүнгөн 15 млрд сомду туура бөлүштүрсө көптөгөн маселелер чечилерин, бул жагдайга кесипкөй менеджер керек болуп жатат деген көз карашын ортого салды.

Министр Космосбек Чолпонбаев бул маселе боюнча жооп берип жатып: “Электрондук саламаттыкты сактоого өтүшүбүз керек, ошондо баары ачык-айкын болот”,- дейт министр.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-elektronduk-salamattykty-saktoogo-tshbz-kerek-oshondo-baary-achyk-ajkyn-bolot



Добавить комментарий