Министр: дарыгелер Кыргызстанга келген учактардын ичине кирип жүргүнчүлөрдү текшерип жатат

27 январь 2020 10:54 1493 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстандын дарыгерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, коронавирустун өлкө аймагына кирип кетпешине болгон аракеттерин көрүп жатканын өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

Министр өз сөзүндө дарыгерлер Кыргызстанга келген учактардын ичине кирип, жүргүнчүлөр жерге түшкөнгө чейин текшерип жатышканын кошумчалады.

Андан сырткары көзөмөл өткөрүү жайыларына бут кийимдерди дезинфекциялоо боюнча атайын жабдуулар коюла турганын айтты. Андан сырткары эл көп өткөн көзөмөл өткөрүү пунктарында 13 тепловизор бар экенин белгилеп, дагы жетишпеген жерлерге аларды алуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Чолпонбаев Бишкекте (3012 ) 32 30 55, 32 32 02 тынымсыз телефондору ишке киргенин айтты.

Министр Кыргызстандын бардык ооруканаларында дары-дармек жетиштүү жана медициналык мекемелер толугу менен даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, жөнөкөй коргоо каражаттары жетиштүү, тактап айтканда 3,5 миллион медициналык бет кап бар.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-darygeler-kyrgyzstanga-kelgen-uchaktardyn-ichine-kirip-zhrgnchlrd-teksherip-zhatat



Добавить комментарий