Министр: Биздин дипломат вакцина алгандан кийин каза болду деген сөз жалган

2 апрель 2021 09:44 1911 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары "Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болду" деген сөз жалган экенин айтты. Бул тууралуу министр “Биринчи радиого” берген маегинде билдирген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Биз азыркы кезде вакцина алган ар бир  жарандын аты-жөнүн билебиз. Азыр биринчилерден болуп вакцина алгандар медиктер. Ал эми, башка мамлекеттик кызматкерлерге биз вакцина жасай элекбиз. Жогоруда айтылган Консулдук кызмат департаменттин кызматкеринин каза болушу вакцинага эч кандай тиешеси жок”, - деди министр.

Эске сала кетсек, кече, 1-апрелде Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров 39 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ошол эле учурда, соцтармакта айрым колдонуучулар “Бахтияр Шакиров коронавируска каршы эмделгенден кийин каза болуптур” деп жазып чыгышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/minisrt-konsulduk-departamenttin-kyzmatkeri-koronaviruska-karshy-vakcina-algandan-kijin-kaza-boldu-degen-sz-zhalgan



Добавить комментарий