ОШ ОИИБ: Мырза-Акеде киши колдуу болуп каза болгон баланын өлүмүнөн саясат жасаганды токтоткула
30-сентябрь күнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жаш балдар мушташып кетишкен. Анын кесепетинен, Замирбек Ормон уулу бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Соцтармакта бул каргашалуу окуяны мушташкан балдар үгүт иштерин жасап жүрүп, партиялардын таламын талашып мушташкан деген маалымат тараган. Бул маалыматты Ош милициясы четке кагып, окуянын чоо-жайын “Барометрге” айтып берди.
Замирбек Ормон уулу жети-сегиз жеринен бычакталган. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган.
“Учурда шектүү жана күбөлөр кармалып, сурак берип жатат. Ал эми, бул уруштун шайлоого жана үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок. Адам өлүмүнөн саясат жасап, саясий боек берүүнүн кереги жок”, -деди Ош ОИИБ басма сөз кызматы.
Окуянын күбөлөрдүн айтымында, уруш жеке мамилелерден келип чыккан.
“Түнкү саат 3:00 до досум Замир мага чалды. “Келбесең болбойт мени балдар уруп кетти” деп. Келсем үч бала туруптур, баары мас абалында экен. Мен келип Замирди алып кеттим. Бирок жолдо бара жатып ал “мени уруп койду, баары бир мен өч алам” деп жаткан. Биз досумду үйүнө жеткирип коюуп кетейин деп жатсак урушуп кеткен бала чалып үйүңө кирбей тур азыр барам деген экен. Ошол учурда экөө өз алдынча сүйлөшүү керектигин айтышты. Анан эле бир учурда каза болгон досум белин кармап олтуруп калды. Биз чуркап барып карасак эле, досум бычак жеп жарадар болуп калыптыр. Дароо эле ооруканага алып бардык”, -деди күбөлөрдүн бири.
“Бул жерде уруш партия талаштан болгон жок. Бул уруштун себеби бир жаш улуу баланын үстөмдүк кылып, мени сиз дебейсиң дегенинен болду”, -деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, 30-сентябрда Мырза-Аке айылында жаш балдардын мушташынан улам бир бала бычактан жаракат алып каза болгону маалым болгон.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Добавить комментарий ×