Милиция кылмышка шектүү жаранды кыйнады деген маалыматты төгүндөштү
Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгы айрым интернет сайттарга жарыялаган милиция кызматкерлери трабынан шектүү жаранга карата кыйноо болгондугу тууралуу маалымат боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ОИИББдин басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
2021-жылдын 25-июнь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1979-жылы туулган Ж.Т. арыз менен кайрылып, жакын туугандарынын биринин 2008-жылы туулган кызына карата 25-июнь күнү кошуна жигиттердин бири ыплас аркеттерди кылганын билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 165-беренеси (Ыплас аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда жабырлануучу кыз, мыйзамдуу өкүлү жана социалдык өнүктүрүү кызматкерлеринин катышуусунда суралып, ал 25-июнь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында коңшу жигит аны автоунаага отургузуп, коркутуп, шымын чечип кармалап баштаганын айткан. Кийин анын туугандары издеп баштаганын көрүп коё бергенин билдирген.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын өздүгү такталып, ал 1993-жылы туулган У.У. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алгачкы көрсөтмөсүндө ал болгон окуяны моюнуна алган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык өспүрүм кыздын кийимдеринде жогорудагы эркек баланын биологиялык издери бар экендиги маалым болгон.
2021-жылдын 30-июнь күнү аталган кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан У.У. кармалып камакка алынып, кийин соттун чечими тергөө абагына камакка алуу чечим тандалган.
Айта кетчү жагдай, кылмышка шектүү жаран экспертизанын корутундусун алгандан кийин, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгонун айтып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүп баштаган. Андан сырткары, шектүүнүн туугандары жана шектүү тарабынан экспертизанын жыйынтыгы чыкканча эле өспүрүм кызга жана анын туугандарына карата кысым болуп келгенин өспүрүм кыздын мыйзамдүү өкүлү жана башка мамлекеттик органдар билдирген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, териштүү иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда көрсөтмө берүүдөн баш тартып, ал тууралуу акт түзүлгөн. Кийин өспүрүм кызга мыйзамдуу өкүл катары социалдык өнүгүү кызматынын өкүлдөрү бектилип, кыз реаблитациялык борборго жайгаштырылган.
Чүй ОИИББы жогорудагы окуя боюнча кылмышка шектүүнүн жактоочусу тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына таркаткан билдирүүсү чындыкка дал келбесин билдирет.
Ал эми кыйноо фактысы боюнча материал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kylmyshka-shekt-zharandy-kyjnady-degen-maalymatty-tgndsht
Добавить комментарий ×