Милиция: Эртеңки митингдин уюштуруучуларына каршы агрессивдүү чакыруулар чыгууда

9 март 2020 21:45 1962 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Анализ талдап көрсөткөндөй, социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында эртең жарандарды чогултуп жатышкан уюштуруучуларга каршы агрессивдүү чакыруулар чыгууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу шаардык милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. 

Ал эми митингдин уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын  сактап, жарандардын жана шаардын конокторунун коомдук жашоосуна аралашпоо керек. Шаардык милиция функционалдык милдеттерине ылайык  кызматын өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздайт.



Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-erte-mitingge-chagymchyldar-da-baryshy-ajtyluuda



Добавить комментарий