Милиция энеси таштап кеткен эки баланын жакындарын табууга көмөк сурайт

22 июль 2021 12:03 2019 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын милициясы жашы жете элек балдардын туугандарын табууга көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, аты-жөнү азырынча белгисиз аял 17-июлда Бостеридеги жеке менчик үйлөрдөн бир бөлмө жалдаган. Эртең менен үй ээлеринен балдарды карай турууну өтүнүп, өзү чыгып кеткен боюнча келе элек.

Балдардын айтымында, биринин аты Алинур, кичүүсүнкү Акылбек. Атасынын аты Жолдош, апасынын аты Перизат. Бирок кайсы жерде жашагандарын, даректерин билишпейт.

Бул балдардын ата-энесин жана жакындарын тааныгандар болсо 0 505 25 05 45, 0 502 11 21 31, 0 709 06 09 62, 0 394 34 52 02 же 102 номерине байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-enesi-tashtap-ketken-eki-balanyn-zhakyndaryn-tabuuga-kmk-surajt



Добавить комментарий