Милиция 2,5 кило нарко зат ташып бараткан жаранды колго түшүрдү

25 февраль 2019 19:14 1131 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүнүн ыкчам кызматкерлери 2,5 кило гашиш нарко затын алып бараткан жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран буга чейин да нарко зат ташуу менен алектенген деп шектелип жүргөн.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн атайын операциянын жыйынтыгы менен 22-февралда Бишкек-Ош жолунун Токтогул районунда (Жалал-Абад областы) «Чычкан»  стационардык постунда кырк жаштардагы Жалал-Абад областынын тургуну башкарып бараткан «Тойота» маркасындагы унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Анын унаасын текшерген учурда 190 ширеңкенин кутучасына салынган нарко зат табылган. Анын жалпы салмагы 2 кг. 460 граммды түзгөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-25-kilo-narko-zat-tashyp-baratkan-zharandy-kolgo-tshrd



Добавить комментарий