Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм көп кабатуу үйдүн терезесинен кулап каза болду

22 май 2021 10:05 1693 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында, 20-майда, 15 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“20-май күнү саат 11:00 чамасында милицияга Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен баланын кулап кеткени тууралуу маалымат келген.

Жерине барган тергөөчүлөр, 15 жаштагы А.Р. аттуу бала көп кабаттуу үйдүн 16-кабатынан белгисиз себептерден улам кулап кеткендигин аныктаган. Бала "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери келгенге чейин эле көз жумган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Керектүү экспертизалар дайындалды”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде алты жаштагы бала дагы терезеден кулап кеткен. Окуя Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Кулаган баланын апасы уулун андан улуусуна кошуп үйгө камап кеткени айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-15-zhashtagy-sprm-kp-kabatuu-jdn-terezesinen-kulap-kaza-boldu



Добавить комментарий