Мигрант энелер балдарына кандай мамиле кылыш керек?

24 август 2021 14:04 1783 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кызым мени күнөөлөгөнүн такыр токтотпой жатат”,-деп кайрылды Алтынай эже.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Алтынай (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын кайрылуусун сизге сунуштайбыз.  

“Саламатсыздарбы, мен сиздерге кайрылып жатканымдын себеби балдарга байланыштуу болмокчу. Өзүмдү эне катары абдан эле жакшы аялмын деп эсептейм. Менин бир уулум, эки кызым бар. Уулум үйлөнүп айылда, кичүү кызым чет өлкөгө иштеп кеткен, учурда улуу кызым менен эле жашайм. Ал жашы отузга жакындаса дагы такыр эс кирбей койду. Балдардын атасы менен алар кичинекей кезинде эле эки башка жолго түшкөнбүз. Үчөөнү багам деп алар кичинекей чагында таянесинин колунда таштап канча жыл чет өлкөдө иштеп да келдим. Айтайын дегеним кызым  мени ар дайым айыптай берет, атасы жок өскөнүн, бала кезде мен миграцияда жүргөндө кандай убара тартканын баарын айтып таарынчы бүтпөйт. Мени күнөөлөгөнүн такыр токтотпой жатат. Кээде ачуум келип жайына коем.Кыз балага убагында тарбия бере албай калганыма  аябай өкүнөм. Мындай учурлар башыңыздан өттү беле? Кантип кызымдын көңүлүн жибитсем болот, кандай кылып мамилени оңдосом болот?”,-деп кайрылды Алтынай эже.

Сиз бул мамилеге кандай ойдосуз урматтуу окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/migrant-eneler-baldaryna-kandaj-mamile-kylysh-kerek



Добавить комментарий