Миңдеген күйөрмандар Месси тамактанып жаткан ресторанды курчап алышкан

22 март 2023 09:04 1620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Машыгуудан кийин Месси үй-бүлөсү менен Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги ресторандардын биринде кечки тамактанууну чечип, күйөрмандарды дүрбөлөңгө салды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Миңдеген күйөрмандар дүйнө чемпиондорунун капитанын көрүү жана аны менен сүрөткө түшүү үчүн ресторанды курчап алышкан.

Белгиленгендей, 35 жаштагы ПСЖнын чабуулчусу Лионель Месси өз мекениндеги улуттук командага кошулуп, Панама менен жолдоштук беттеште ойношу ыктымал.

Аргентина-Панама жолугушуусу 24-мартта болот.   

Буга чейин Лионель Месси мындан ары кайсы клубда ойной турганын чечкени белгилүү болгон. Сүйлөшүүлөр Парижде өтөт. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/midegen-kjrmandar-messi-tamaktanyp-zhatkan-restorandy-kurchap-alyshkan



Добавить комментарий