Мессинин бут кийими аукциондо рекордук баага сатылды

1 май 2021 12:07 6578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин бут кийими 172,7 миң долларга сатылды. Бул тууралуу аукционду өткөргөн Christie's аукцион клубунун Twitter баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аргентиналык футболчу 2020-жылдын декабрь айында “Вальядолид” менен болгон беттештеги оюунда кийген сары жана кызгылт кошумча түстөрү бар Adidas компаниясынын көк өңдөгү бут кийими аукциондо 172,7 миң долларга сатылды.

Дал ушул бут кийим менен Месси “Барселона” клубу үчүн 644-голун киргизип, бразилиялык футболчу Пеленин рекордун жаңылаган. Пеле да өз учурунда “Сантос” клубу үчүн 643 гол киргизген.

Түшкөн каражат Барселонанын Vall d'Hebron University ооруканасындагы ден соолукту чыңдоо долбоорун колдоого жумшалары маалым болду.

Буга чейин, 27-апрелде америкалык рэпер Канье Уесттин кроссовкалары рекорддук баага 1,8 миллион долларга сатылганы белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/messinin-kijimi-aukciondo-rekorduk-baaga-satyldy



Добавить комментарий