Талас мэриянын кызматкери пара алуу учурунда кармалды

9 июнь 2020 09:38 710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын Басма сөз борбору билдирди. 

УКМК КККсы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас Мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-ж.т. Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. 

Маалыматка ылайык, ал муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин

326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Талас облусттук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына

киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда..



Ссылка: https://barometr.kg/meriyanyn-kyzmatkeri-para-alyp-zhatkan-uchurunda-karmaldy



Добавить комментарий