Мэрия биометрикалык каттоодон өтүүгө жарандарды чакырууда

25 август 2020 14:26 1492 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Ага ылайык,  24-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Жашы 16дан өткөн, жеке маалыматтарын тапшыра элек жарандарды чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайсы даректерге кайрылса болот:

Биринчи май району боюнча — "Тазалык" ишканасынын базасында. Дареги: Ростовский, 19б;

Свердлов району боюнча — Дордой жаңы конушундагы № 94 орто мектеп;

Октябрь району боюнча — акимчиликтин имараты. Дареги: Байтик баатыр, 17;

Ленин району боюнча — № 57 орто мектеп. Дареги: Интергельпо, 2.

Жарандын жанында паспорту болушу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-biometrikalyk-kattoodon-tg-zharandardy-chakyruuda



Добавить комментарий