Мэрия биометрикалык каттоодон өтүүгө жарандарды чакырууда
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Ага ылайык, 24-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
“Жашы 16дан өткөн, жеке маалыматтарын тапшыра элек жарандарды чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Кайсы даректерге кайрылса болот:
Биринчи май району боюнча — "Тазалык" ишканасынын базасында. Дареги: Ростовский, 19б;
Свердлов району боюнча — Дордой жаңы конушундагы № 94 орто мектеп;
Октябрь району боюнча — акимчиликтин имараты. Дареги: Байтик баатыр, 17;
Ленин району боюнча — № 57 орто мектеп. Дареги: Интергельпо, 2.
Жарандын жанында паспорту болушу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-biometrikalyk-kattoodon-tg-zharandardy-chakyruuda
Добавить комментарий ×