Мэрия: Балдар ооруп жатса мектепке жибербегиле!

21 сентябрь 2021 12:56 1349 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэриясы балдарда сасык тумоонун белгилери байкалса мектепке жана бала бакчага жибербөөнү ата-энелерге эскертти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Эскерте кетсек, мектептер салттуу режимде 15-сентябрдан, ал эми бала бакчалар кечээ, 20-сентиябрдан тартып иштей баштады.

“Эгерде бала ооруп калса, тез арада дарыгерди чакыртыңыз. Үй-бүлө карантинге алынган болсо мектеп окуучусу да, бала бакчага барчу бала дагы коронавирустун алып жүрүүчүсү болорун эстеңиз, бала өзү билбей айланасына жугузат”,-деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле мэрия шаардыктарга кайрылып оорунун белгилери байкалса карантиндик режимди сактап жумушка чыкпоого чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-baldar-oorup-zhatsa-mektepke-zhiberbegile



Добавить комментарий