Мэр: Бишкекте коронавирустун жайылып кетүү коркунучу жогору бойдон

23 май 2020 12:32 636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов калаада коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон сакталып жатканын маалымат жыйында билдирди.

“25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, ӨА жана ӨК режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда”, - деди ал.

Ал бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетечилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эскертти, эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, КР мыйзамына ылайык жоопкерчилик караларын эске салды.

Белгилей кетсек, 21-майда жана 25-майдан тарта көптөгөн тармактар өзү ишин жандантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/mer-bishkekte-koronavirustun-zhajylyp-ket-korkunuchu-zhogoru-bojdon



Добавить комментарий