Менде байлык, акча, жакшынакай жолдошум бар туруп эмнеге бакыттын даамын сезбейм?
“Өзүнчө эле алтын капастагы куштай болуп, үч кабат үйдө жалданган үй кызматчысындай эле жумуш кылып жүрөм. Менде байлык, акча, жакшынакай жолдошум, бай кайын журтум бар туруп эмнеге бакыттын даамын сезбейм?”, - дейт Эльвира.
Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!
Бүгүн Эльвира аттуу окурманыбыз жолдогон катты сунуштайбыз.
“Мен сиздерге кайрылып жатканымдын себеби жүрөгүмдөгү ойлорумду бөлүшөйүн деп чечтим жана эркектердин жан дүйнөсүн түшүнбөгөндүктөн аларга кайрылып суроомо жооп алайын дедим. Быйыл жыйырма сегиз жашка чыктым. Төрт жыл мурда турмуш кургам, уулум бар. Баламдын атасы менен тойдо курбу кыз болуп барганда таанышкам. Ал дагы күйөө баланын досу болуп келген экен.
Унчукпаган бир мүнөз жигит экен, мага бир көргөндө эле жакты. Таанышып достошуп кеттик, жолугушууга Панаромага алып барды. Дагы бир эки ирет жолуккандан кийин үйлөнүүгө сунуш киргизди. Макулдук бергенден кийин тез эле үйлөнүү тойго даярдана баштадык.
Куда тарапка жолугушууга ата-энем келди. Кафеден кудаларына жолугушуп келгенден кийин эле ата-энем чалкасынан кетип, мени "бербейбиз, бул жигитке турмушка чыкпайсың", - деп чыгышты. Көрсө менин сүйлөшкөн жигитим Нуртилек шаардагы чоң кызматта иштеген атактуу прокурордун баласы экен.
Нуртилек бир нече дүкөндөрдүн, автосалондордун ээси экен, аны мага эч качан айткан эмес жана бай жигит экенин бир ирет да билгизген эмес.
Менин ата-энем болсо жөнөкөй, карапайым. Атам дыйкан чарбанын башчысы, апам үй кожойкеси. Алар кудалар бизди теңине албай отурушту дешти.
Бирок Нуртилек кайра кайра телефон чалып, ата-энесин кайрадан жолугушууга чакыртып, “баары бир сага үйлөнөм” деп жатып той өткөрдүк.
Жомоктогу Золушкадай эле болуп калдым. Бир заматта таеэжемдер менен жашап турган Кызыл-Аскердеги эски үйдөн, VIP-шаарчадагы особнякка келип жашап калдым. Менин жолдошум төрт кыздын арасындагы жалгыз бала экен. Кайэнежелерим дагы, кайын журтум дагы жакшы кабыл алышты. Албетте кайын энемде бир аз жаман мүнөз бар, бирок кайын атамдын эң сүйүктүү келинимин. Мени жөнөкөй жердин кызы деп басынтышкан деле жок. Жашоомо ыраазымын, бирок акыркы учурда жолдошумдан маселе чыгып жатат.
Көп күндөр бою үйгө келбейт, келсе кабагын чытып, чарчадым жумуш көп деп жатып калат. Мени болсо сыртка такыр чыгарбайт. Үйдүн баары видео камера, ашыкча эч жакка эч качан басып кете албайсың. Боентпойт, курбу кыздарыма жолуктурбайт.
Бул атактуу прокурордун үйүнө чычкан дагы жорголоп кире албайт. Өзүнчө эле алтын капастагы куштай болуп, үч кабат үйдө жалданган үй кызматчысындай кызмат кылып эле жүрөм. Менин суроом эмне үчүн жолдошум мынчалык өзгөрүп кетти? Менде байлык, акча, жакшынакай жолдошум, бай кайын журтум бар туруп эмнеге бакыттын даамын сезбейм? Акыркы учурда абдан депрессия болуп жатам, психологго барууга дагы уруксат бербесин билем. Кандай кылсам болот?”, - деп кайрылды Эльвира аттуу окурманыбыз.
Буга сиз кандай пикир кошосуз, окурман?
Добавить комментарий ×