"Мен максатыма жеттим": Роналду "Ювентусту" таштап кетерин кыйытты

26 май 2021 10:47 2526 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

"Ювентустун" лидери Криштиану Роналду 2020-21 клубдук сезондун жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Португалиялык  футболчу жогорку деңгээлдеги ар кандай оюнчунун өмүрү жана карьерасы кулап түшпөсө болбойт деп белгиледи.

"Бул жылы биз А сериясында жеңишке жетише алган жокпуз. Интерди татыктуу жеңиши менен куттуктайм. Бирок мен ушул сезондо Юведеги командалык жана жеке деңгээлде жетишкен ийгиликтерибиздин бардыгын баалашым керек. Супер-кубок жана италиялык кубок. А сериясынын мыкты бомбардири наамы. Мен Италияга көчүп келгенде алдыга койгон максатыма жеттим. Чемпиондукту, кубокту жана супер-кубокту жеңе алдым. Мыкты футболдук мамлекеттин мыкты оюнчусу жана бомбардири болдум ", - деп жазган Роналду Instagram баракчасына.

Ошондой эле, ал колдоо үчүн күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, Ювентус 2011-жылдан бери биринчи жолу өлкө чемпиондугунун жеңүүчүсү болбой А сериясында төртүнчү орунду ээлеген.

Роналдунун статистикасына токтолсок, ал 33 матчта 29 гол киргизген.

Ссылка: https://barometr.kg/men-maksatyma-zhettim-ronaldu-yuventustu-tashtap-keterin-kyjytty



Добавить комментарий