Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медалды багындырды

29 сентябрь 2018 15:10 1115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев коло байгенин ээси болду.

  Турганбаев алгачкы беттешинде орусиялык атаандашы Владислав Егоровду жеңип, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалдык беттеште франциялык атаандашы Герард Россо Санторого 6:0 эсебинде жеңилип калды.

 Ал эми  Турганбаев коло байге үчүн украиналык балбан Сослав Адырхаев менен беттешип  аны  жеңип алды.

Эске салсак, Турганбаевдин бул биринчи медалы эмес.  Экс-министр 2016-жылы өткөн дүйнө чемпиондугунда да коло байгенин ээси болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/melis-turganbaev-erkin-krsh-boyuncha-djn-chempiondugunda-kolo-medaldy-bagyndyrdy



Добавить комментарий