Айсулуу Тыныбекованын коло медаль үчүн күрөштөгү атаандашы белгилүү болду

13 сентябрь 2022 15:02 3190 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 13-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшкө чыгат. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Кыргызстандык балбан кыз 12-сентябрда 62 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан старт алган.
Алгач, Тыныбекова Болгариянын спортчусун жеңип, 1/4 финалда германиялык балбанды жеңген. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова жапониялык Нонока Озаки менен беттешип, 5:11 эсебинде жеңилип калды.

13-сентябрда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Твныбекова Украиналык  Илона Прокопевнюк менен коло үчүн күрөшөт.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

2021-жылы Тыныбекова Прокопевнюк менен эки жолу беттешип, эки жолу тең Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында жана Киевдеги турнирдин финалында жеңишке жетишкен.


Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekovanyn-kolo-medal-chn-krshtg-ataandashy-belgil-boldu



Добавить комментарий