Дүйнө чемпионатында самбо боюнча Бектен Эркебай уулу коло медалга ээ болду

13 ноябрь 2023 13:45 1762 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнө чемпионатында самбо боюнча Бектен Эркебай уулу  коло медалга ээ болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бектен Эркебай уулу Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык  балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште  армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionatynda-sambo-boyuncha-bekten-erkebaj-uulu-kolo-medalga-ee-boldu



Добавить комментарий