Бермет Нурдин кызы эл аралык мелдеште өзбекстандык балбан кызды жеңип, коло медаль тагынды

14 август 2023 10:18 2942 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КМШ оюндарында  Бермет Нуридин кызы коло медаль тагынды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Бермет Нуридин кызы Беларус Республикасынын Солигорск шаарында КМШ оюндарынын алкагында өткөн мелдеште коло медаль тагынды.

Спортчу 59 кг чейинки салмак категориясында катышкан.

Алгач Беларус балбанына 3:0 эсебинде жеңилди.

Экинчи беттешинде азербайжандын балбанын 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалдык беттеште орусиянын балбанына жеңилген.

Коло медаль үчүн беттеште өзбекстандын балбанын 3:0 эсебинде жеңди.

Ссылка: https://barometr.kg/bermet-nurdin-kyzy-el-aralyk-meldeshte-zbekstandyk-balban-kyzdy-zheip-kolo-medal-tagyndy



Добавить комментарий