Мейвезер Флойдду жерге берүүгө кеткен каражатын төлөп берет
Бокс чебери Флойд Мейвезер Миннеаполисте полициянын одоно аракетинен каза тапкан Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен каражатты төлөп берет. Бул тууралуу ESPN телеканалы боксчунун өкүлүнө шилтеме берип маалымдады.
"Мейвезер маркумду жерге берүүдө кеткен каражатын төлөп берет. Флойддун үй-бүлөсү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алар сунушту кабыл алышты. Мунун баарын айтып жатканым үчүн кыжырланышы мүмкүн. Бирок ал мындай иштерди 20 жылдан бери кылып келет", — деп билдирген спортчунун өкүлү Леонард Эллерби.
Ал ошондой эле бул иштерди жасоо менен боксчу өзүнө упай топтоону көздөбөй турганын баса белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/mejvezer-flojddu-zherge-berd-ketken-karazhattyn-tlp-beret
Добавить комментарий ×