MegaCom "Мобилдик клиника" долбоорун ишке киргизди

18 август 2020 10:01 1293 Barometr
Бөлүшүү:
ok

MegaCom компаниясы өлкө аймагында болуп жаткан кырдаалга байланыштуу “Мобилдик клиника” долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу уюлдук оператордун расмий сайтына таянып “Барометр” билдирет.

Көп тармактуу Medcenter.kg медициналык борбору жана жергиликтүү администрациянын колдоосу менен “Мобилдик клиника” акциясы иштей баштайт.

MegaCom компаниясынын алыскы аймактарда жашаган абоненттерине медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн тажырыйбалуу врачтардан турган бригада түзүлдү. 

MegaCom дарыгерлердин кыдырма бригадасынын текшерүүсүнөн бекер өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 

Аталган топтун курамына кирген врачтар:

  • хирург (+УЗИ)
  • терапевт
  • гинеколог (лаборатория + УЗИ)
  • ЛОР (кулак-мурун дарыгери)
  • невропатолог

Кезекке туруу MEGA24 тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. 

Бул үчүн:

MEGA24 тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп алуу керек.

«Портал» бөлүмүнө кирип, «Мобилдик клиникасын» тандоо сунушталат.


Ссылка: https://barometr.kg/megakom-abonentterin-atajyn-darygerlerdin-tobu-menen-akysyz-medicinalyk-kzmldn-tkrt



Добавить комментарий