Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

12 октябрь 2021 10:17 3107 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жаңыланган рейтинг Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы боюнча чыгарылды.

Норвегияда Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки балбандар арасында алтын медалды утуп, дүйнөлүк рейтингде 2-орунга чыкты.Кыргызстан лидер болуш үчүн 9 упай жете элек.

UWW версиясы боюнча 68 кг салмакка чейинки балбандар арасында дүйнөлүк рейтинг:

1. Тамира Сток Менса (АКШ) - 123 упай

2. Мээрим Жуманазарова - 114 упай

3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) - 90 упай

4. Ханум Велиева (Россия) - 65 упай

5. Адела Ханзликова (Чехия) - 42 упай.

Ссылка: https://barometr.kg/meerim-zhumanazarova-djnlk-rejtingde-2-orunga-ktrld



Добавить комментарий