Айсулуу, Айпери баштаган балбан кыздар Түркияга эл аралык мелдешке аттанышат

29 февраль 2024 12:44 1778 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар Түркияга мелдешке барышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгонжой, кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешине катышат. 

Мелдеш 7-10-мартта Анталия шаарында өтүп, ага өлкө атынан 4 балбан кыз барат.

Курама команданын тизмеси:

Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

Айпери Медет кызы – 76 кг;

Нурзат Нуртаева – 68 кг;

Калмира Билимбек кызы – 59 кг.

Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу;

Билимбек Капарбек уулу – машыктыруучу.



Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-ajperi-bashtagan-balban-kyzdar-trkiyaga-el-aralyk-meldeshke-attanyshat



Добавить комментарий