Самбо боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

29 февраль 2024 10:57 1883 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самбо боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу мериянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 23-25-февраль аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда самбо боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан спортчулар катышты.

Чемпионатта күрөш өнөрү боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин  тарбиялануучулары байгелүү орундарга ээ болушту.

Белгилей кетсек, катышуучулар төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашкан:

- спорттук жана күжүрмөн самбо (аялдар арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг салмакта;

- спорттук жана күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг салмакта.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Асылбек уулу Жамалбек – 1-орун (88 кг);

Бердибеков Бексултан – 1-орун (64 кг);

Аманкулова Канышай – 1-орун (50 кг);

Салиева Уланай – 1-орун (+80 кг);

Жолдошказиев Эмирхан – 1-орун (+98 кг);

Аманкулова Канашай – 1-орун (54 кг);

Сансызбеков Артур  – 1-орун (98 кг);

Асеков Даниел – 1-орун (58 кг).

Эрмекова Гүлбаданбатим – 2-орун (50 кг);

Кубатбек кызы Сейил – 2-орун (+80 кг).

Мамаджанов Фарух – 3-орун (88 кг);

Турдуматов Самарбек – 3-орун (71 кг);

Кубанычбек уулу Адилет – 3-орун (64 кг);

Алмазбекова Адинай – 3-орун (72 кг);

Касымбаев Талип – 3-орун (98 кг);

Эмилбеков Апсамат – 3-орун (58 кг).


Ссылка: https://barometr.kg/sambo-boyuncha-lk-chempiondoru-anyktaldy



Добавить комментарий