Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээледи

11 октября 2021 10:54 2147 Barometr
Поделиться в:
ok

Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын медалдык зачетунда Кыргызстан 5-орунду алды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Кыргызстандын командасы 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалга ээ болду.

Биринчи орунду Ирандын спортчулары ээлешти, алар жети алтын медаль утушту. АКШ жана Япония беш алтын медаль, Россия төрт алтын медаль менен кайтты.

Эскерте кетсек, мелдештер 2-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде Норвегиянын Осло шаарында өттү.

Чемпионатты грек-рим стилиндеги балбандар жыйынтыктап, кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль алды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kurama-komandasy-djnlk-chempionatta-5-orundu-eeledi



Добавить комментарий