Исмаилова: "Дарыгерлерге бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады"
Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан туруп, төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
«Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», - деп билдирди вице-премьер-министри Аида Исмаилова.
Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй – 900 сом бойдон калууда.
Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:
Дарыгерлер – 3000 сом (30%га көбөйдү)
Орто медперсонал – 2500 сом (25%га көбөйдү);
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 2200 сом (22%га көбөйдү).
Ошондой эле, бул категориядагы медкызматкерлерге, обсервацияда жатканыдыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 300 сомду түзөт.
Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:
Дарыгерлер, АУП – 130 сом;
Орто медперсонал –120 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП - 100 сом.
Үчүнчү категория: Тез жардам кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:
Дарыгерлер, АУП – 750 сом;
Орто медперсонал – 600 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом.
Төртүнчү категория: Өлүк канада иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир өлүктү сойгондугу үчүн төлөнөт:
Дарыгерлер, АУП – 1250 сом;
Орто медперсонал – 1000 сом;
Кичи медперсонал ТОП жана МОП – 800 сом
Ссылка: https://barometr.kg/medicinalyk-kyzmatkerlerge-kandaj-kompensaciyalyk-tlmdr-bolot
Добавить комментарий ×