Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр толугу менен төлөнөт

19 сентябрь 2020 11:10 1171 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Компесация төлөмү үчүн документтер топтолуп, тешерүудөн өтүп анан берилет. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин брифинг учурундагы маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

"Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилиги тармактык министрликтин медициналык кызматкерлерине тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүдө ар кандай шылтоо менен тоскоолдук кылууда” деген билдирүү  чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда ССМ тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кошумча 100 млн сом бөлүп берүү боюнча буйруктун долбоору даярдалган. Документ макулдашууда жатат.

"ССМ Комиссиясы компенсация төлөмдөрү үчүн документтерди топтоону тыйган эмес, комиссия тарабынан медициналык кызматкердин так алардан жуктуруп алуу фактысын далилдөө боюнча бейтаптардан талап кылуу айтылган эмес, анткени, документтерди толтуруу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн. Компенсацияларды төлөө сапатсыз таризделгендиктен жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан талап кылынган документтер толук берилбегендиктен кармалат. Бул учурда документтердин бөлүгү кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтердин толук топтому комиссиялык чечим кабыл алынгандан кийин берилет", - деп белгиледи комиссиянын төрагасы Мадамин Каратаев.

Саламаттык сактоо министрлигине комиссиянын кароосуна 1 500гө жакын документ келип түштү, алардын ичинен 829 документ экспертизадан өттү, калган документтер каралууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/medicinalyk-kyzmatkerlerdin-kompensaciyalyk-tlmdr-tolugu-menen-tlnt



Добавить комментарий