Медициналык калдыктар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат (Видео)

28 июль 2020 14:57 1771 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медициналык калдыктар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Бишкектеги медициналык калдыктар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат. Күндузгү жана кечки стационарлар, обсервациялар жана медициналык мекемелерден 4 тоннадан ашуун медициналык таштанды жок кылынат.

“Учурда биздин ишкана Кыргызстан боюнча медициналык таштандыларды жок кыла турган жалгыз ишкана. Шаардагы стационарлар, обсервациялар жана медициналык мекемелердеги А классынан D классына чейинки калдыктарды жок кылабыз. “Ганси” обсервациясына бир күндө медкалдыктарды алып чыгуу үчүн эки жолу кызматтык унаа алдын ала тузүлгөн график боюнча келип алып кетишет. Медициналык калдыктар атайын мешке топтолуп, ал белгилүү бир температурага чейин ысыгында химиялык реакция жүрүп, калдыктар жок кылынат”, - деп билдирди “ЭкоКомплекс” ишкананын директору Нурлан Жумалиев.

Күнүнө 10 тоннага чейин медициналык калдыкты жок кылууга мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/medicinalyk-kaldyktar-5-6-saatta-tolugu-menen-zhok-kylynat-video



Добавить комментарий