Маметов: Эс алуучу мекемелерде текшерүү иштери жүргүзүлбөйт

18 июнь 2020 13:57 630 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Туристтик мезгилде экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча мерчем-тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

“Өлкөбүздүн аймактарындагы ден-соолукту чындоочу, эс алуучу жайлардын жетекчилерине, жергиликтүү бийликтин башчыларына, өкүлдөрүнө кат жүзүндө туристтик мезгилде экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча мерчем-тапшырмалар берилген. 2019-жылдын 1-январдан баштап ишкердик субъектилерге текшерүүгө киргизилген мораторийдин негизинде, эс алуучу мекемелерде (пансионат, курорт, санаторий, лагерь ж.б.) текшерүү иштер жүргүзүлбөйт”, - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагында курулуп жаткан объектилердин жалпы саны 2935, алардын ичинен мыйзамсыз курулуп жаткан объектилер 249, мыйзамсыз ишке киргизилген объетилер 71, токтотулган (тоңдурулган) объектилер 393 жана убактылуу токтотулгандары 84.


Ссылка: https://barometr.kg/medetbek-mametov-es-aluuchu-mekemelerde-teksher-ishter-zhrgzlbjt



Добавить комментарий