Март айында коронавирус чыккан аймакта иштеген канча медкызматкер компенсация алды? Тизме
Республикалык штаб март айында 6 283 медициналык кызматкер 36 млн 704 миң 639,62 сом өлчөмүндө компенсация алганын билдирди.
Ага ылайык, компенсация алган дарыгерлердин саны Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда көп.
Бишкек ш. – 1112 медициналык кызматкерге 8 млн 744 миң 861,08 сом
Ош ш.– 362 медкызматкерге 1 млн 725 миң 788, 69 сом
Ош облусу – 1047 медкызматкерге 7 млн 64 миң 552,15 сом
Жалал-Абад облусу – 1182 медкызматкерге 5 млн 460 миң 615,99 сом
Чүй облусу – 835 медкызматкерге 3 млн 733 миң 704,93 сом
Баткен облусу – 500 медкызматкерге 3 млн 336 миң 514,11 сом
Нарын облусу – 499 медкызматкерге 2 млн 655 миң 464,44 сом
Ысык-Көл облусу – 479 медкызматкерге 2 млн 629 миң 737,1 сом
Талас облусу – 267 медкызматкерге 1 млн 363 миң 401,22 сом.
Андан сырткары учурда апрель айына компенсация төлөө үчүн каражат Саламаттык сактоо министрлиги менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулду.
Добавить комментарий ×