Маркум Элмирбек Иманалиевдин кызынын тоюу өткөн ресторан айыпка жыгылды

13 август 2020 11:35 1287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызын турмушка узатуу тою өткөн Бишкектеги «Сары-Челек» рестораны айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Коронавируска байланыштуу коюлган чектөөлөр аткарылган эмес. Анда 50 кишиден көп адам чогултууга тыюу салынган. Бирок, аталган жайда андан көп адам топтолгон", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөл инспекциясынын чечими менен ресторанга 3 миң сом айыппул салынды. Ресторан жетекчилиги бул айыпты 10 күн ичинде төлөшү керек.

Аталган ресторанга карата 12-июнда да салтанат өткөнү тууралуу арыз түшүп, айыппул салынган.

Эскерте кетсек, 8-августта Маркум Элмирбек Иманалиев жана Гүлбү Орозкул кызынын кичүү кызы Сезим Иманалиева тумуш жолуна узап, ага Сыймык Бейшекеев өкүл ата болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/markum-elmirbek-imanalievdin-kyzynyn-toyuu-tkn-restoran-ajypka-zhygyldy



Добавить комментарий