Марипов: Айзаданын өлүмү тууралуу кызматтык териштирүү жүрүп жатат

8 апрель 2021 14:10 7207 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин жана өкмөт үйүнүн имаратынын жанында ала качуудан каза болгон Айзада Канбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразычылык митингине жүздөгөн адамдар чыгышты.

Белгилей кетсек, 26 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде эртең менен Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен ала качып кетишкен.

Эки күн өткөндөн кийин кыздын жансыз денеси жана ала качып кеткен Замир Теңизбаевдин сөөгү Арашан айылы тараптан талаадан табылган.

Митинге чыккандардын негизги талабы, кызды өз учурунда издеп, аман алып кала албаган күч органдарында жаңылануулар болушу керек. Ошондой эле, нааразычылык акциясынын катышуучулары ИИМдин башчымы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБнын башчысы Бакыт Матмусаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Нааразы болгон элдин алдына өкмөт башчы Улукбек Марипов чыгып, кызматтык териштирүү болуп жатканын айтты.

“Учурда, кызматтык териштирүү болуп жатат. Мен да абдан кайгырып турам. Сабыр кылып туруңуздар, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат. Бул ишти президент Садыр Жапаров да өз көзөмөлүнө алды”, - деди Марипов.



Ссылка: https://barometr.kg/maripov-ajzadanyn-lmn-prezident-z-kzmln-aldy



Добавить комментарий