Марадёрлор жаш сүрөтчүнүн кеңсесин талкалап, "Искусствону урматтайбыз! Тийбедик!" деп жазып кетишкен
Митингчилер карапайым элдин чакан бизнестерин да талкалап, бүлүндүрүп жатышат. Бул тууралуу журналист Зинакан Пасанованын фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Марадёрлордун "маданияттуулугу". Жаш сүрөтчүнүн бир бөлмөдө ижарада турган өнөрканасын талкалап, анан:"Искусствону урматтайбыз! Тийбедик!" деп жазып кетишиптир”, - деп жазган ал.
Башаламандык орун алган үч күндөн бери борбор калааны талап-тоноочулуктан сактоо максатында жаш ыктыярчылар тобу түнү менен күзөткө туруп жатышат. Ага карабай тартип бузгандар, талкалап, тоноп кеткендер катталбай койгон жок.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан.
Добавить комментарий ×