Марадонанын банктык эсебиндеги акчалары жоголуп кетти
Аргентиналык футболчу Диего Марадона банктагы эсебиндеги акчалары уурдалды. Бул тууралуу Corriere della Sera жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Спортчунун досу айтымында, Марадона көз жумганда, анын эсебинде 100 миң доллардай акча калган.
“Кийинчерек банктык эсеби бош калганын билдик. Бул өтө таң калычтуу”, - деди ал.
Ал баса белгилегендей, Марадонанын байлыгын уурдаган адамдар буга чейин, анын жардамын алып, жанында жүрүшчү. Мындан тышкары, ал кайрымдуулукка ири суммадагы акчаларды жумшаган.
“Ошого карабастан, футболчунун зер буюмдары, кыймылсыз мүлк түрүндөгү мүлкү, BMW, Audi жана Rolls Royce сыяктуу алты кымбат баалуу автоунаалары, ошондой эле жарнамалык келишимдерден келип түшчү ири суммадагы акчалары бар”, - деп кошумчалады ал.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, мунун бардыгы 70-100 миллион долларга бааланат.
Эске сала кетсек, 60 жаштагы экс-футболчунун жүрөк оорусунан каза болгону 25-ноябрь күнү кечинде белгилүү болду. Марадона Буэнос-Айрестин жанындагы Тигре шаарындагы үйүндө көз жумган. Буга байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяланган.
Легендарлуу футболчуну акыркы сапарга узатууга жаны аны менен коштошуу зыйнатына миңдеген аргентиналыктар келишти. Марадонанын сөөгү Буэнос-Айрестин чет жакасында, Жардин де Белла Виста көрүстөнүнө коюлду.
Ссылка: https://barometr.kg/maradonanyn-banktyk-esebindegi-akchalary-zhogolup-ketti
Добавить комментарий ×