Манипулятор деген ким? Аны менен кантип сүйлөшүү керек?

19 июнь 2023 08:25 7431 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдарды манипуляция кылуу деп - бул алардын аң-сезимине таасир берүүнүн ыкмаларын айтабыз. Манипулятор деп ар бир кишинин жан дүйнөсүн кылдат билип, ар бир кишиге өзгөчө ыкманы колдоно билген киши аталат. Манипулятор башка адамдары өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланат, адамдар менен мамиле кылууда анда башка эч кандай эреже да, сөз да жок. 

үгүн barometr.kg  манипулятор деген ким, манипуляцияга кантип каршы туруу керектиги боюнча психологдун кеңешине таянуу менен маалымат сунуштайт

Манипулятордун белгилери жана өзгөчөлүктөрү:

  • сизге эмне кылуу керектигин көрсөтмө бергиси келет.
  • сизди кылдан кыйкым издеп күнөөлөйт.
  • өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгын башкалардыкынан өйдө коет.
  • өзүнүн сезимдерин башкалардыкынан өйдө коет.
  • башкалар катуу тынчсызданып жана эмоция болуп жатканын көрсө “жыргайт”.
  • сиздин алсыз жерлериңизди, талуу жерлериңизди кармаганды билет.
  • алсыз жерлериңизди билгенден кийин, аны сизге каршы колдоно баштайт.
  • алдоо жолу менен кайсы бир иште өзүнө пайда алып келиш үчүн сизди башка нерсеге ынандырат.
  • жумуштагыларын, үй-бүлөсүн жана башкаларды өз кызыкчылыгына гана пайдалангысы келет, сиз бул аракеттерин токтомоюнча ал ишин уланта берет.
  • анын эң сүйүктүү куралдары: даттанат, башкаларга салыштырат, калп айтат, танат, күнөөлөйт, шантаж кылат, ишиңиздин баркын түшүрөт, мактап-сактап сизди көкөлөт, жакшылыгыңызды эстен чыгарат, белек берип, кошомат айтып атып колго алып анан соңунда аркаңыздан суу куят.
  • сүйүктүү фразасы: “сен минткенден кийин мен минтип калдым” деп догурунмай.
  • Башкаларда деле ушунтмек, башкага айтсам деле кылып бермек” деп сүйлөнөт.
  •  классикалык ыкмасы “Өзүңдү гана ойлойсуң”, “Мендей эч кимди таппайсың” деп коркутуу.

 Манипуляторлорго кантип каршы туруу керек?

Мен ушуларды кылсам мен үчүн жакшы болот эле...

Өзүңүздүн талаптарыңызды манипуляторго айтканды үйрөнүңүз жана анын талаптарынан баш тартыңыз.

Мындай адамдар менен иш кылганда кара башыңыздын камын кылбасаңыз, мурдуңуздан чүлүктөп кете берет.

Жок деп убагында айтканды билиңиз!

Бир эле ооз, башка сүйлөм кошпой, манипулятордун талабына “жок” деп айтканга көнүңүз. “Жок”- болду башка сөздүн, актануунун, жумшактап айтуунун кереги жок, андай болсо дагы сүйрөлүп, илинип торуна түшүп каласыз. Кээ бир манипуляторлор талап кылуу үчүн гана төрөлгөндөй, башка адамдар тигил же бул даражада карызы бардай өздөрүн алып жүрүшөт. Ошондуктан мындай адамдардан алыс болуңуз.

Мага керек...

Өзүңүздүн талаптарыңызды эле айта берсеңиз манипулятор качып кетет.

Чекти билиңиз

Бирөө өтө эле жакындап жатса, күнү-түнү сырдашып, шынарлашып, аны менен ушакташып эле калсаңыз, анда куттуктайбыз, манипулятордун торуна түшүп атыпсыз. Тезирээк жеке чегиңизди бөлүп, мамилени токтотуңуз.

Кетүү

Адам сизди бир нече ирет алдаса, соңунда кайра келсе, пайда болсо, саткындык кылса, андай адамдын сиздин жашооңузда орду жок. Жөн гана кол үзүп таштаңыз.

Эч нерсе айтпаңыз

Эгер кесиптешиңиз манипулятор болуп, аны менен азырынча иштешкенге айла жок болуп жатса, эч бир сырыңызды ага бөлүшпөңүз, көп сүйлөбөңүз, кошулбаңыз, салкын гана мамиле кылып коюңуз.

Көңүлүн башкага буруңуз

Сизге келип манипуляция кылгысы келген адамдын көңүлүн башка бир жагдайга буруп коюңуз. Аны менен эч качан тартышпаңыз, “ии ооба, билбейм, маалыматым жок, ошондой го, көрөбүз, убакыт көрсөтөт, азыр чече албайм” деген фразаларды көп айтыңыз. Ошондо анын жайган торуна азыраак кабыласыз.

Ссылка: https://barometr.kg/manipulyator-degen-kim-any-menen-kantip-sjlsh-kerek



Добавить комментарий